Бишкекте балдарды коргоо маселелери боюнча атайын жыйын өттү
- 1 год мурун
31-майда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети балдарды коргоо жана колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын караган жыйын өткөрдү.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин маалыматына ылайык, өлкөдө 2 млн 715 миңге жакын 18 жашка чейинки бала жашайт. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 23 миңге көп. Жыл башынан бери 31 800 бала төрөлгөн.
Жыйында жөлөкпулдардын жогорулашы, ден соолук тармагындагы инфраструктуралык өзгөрүүлөр, билим берүү мекемелеринин санынын өсүшү жана бала бакчалар менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле, алыскы жана бийик тоолуу аймактарда жашаган көп балалуу энелерге 2026-жылы төрөлгөн баласы үчүн 2027-жылы бирге толгондон тартып бир жолку акчалай жардам бериле баштаарын белгиледи: 4-балага 100 миң сом, жетинчи балага – 1 млн сом, 10-балага – 2 млн сом. Мындан тышкары, балдар менен иштөө үчүн 550 социалдык кызматкердин жаңы штаты ачылды. Бул – мындай тажрыйбадагы алгачкы кадам.
Жыйынга тийиштүү министрликтердин жетекчилери да катышып, өз тармактарындагы иштер тууралуу маалымат беришти.




