Бишкекте Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 28-майда Бишкек шаарындагы Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталды. Буга байланыштуу бүгүндөн тарта Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Сүйөркулов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Сүйөркулов көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Байтик Баатыр көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми Иса Ахунбаев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты