Бишкекте баңгизатын сактоого шектелип 19 жаштагы жаран кармалды

  • 5 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан баңги затын сатуу максатында сактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февралда «Притон-Көпөлөк» жана «Терминал» аталышындагы профилактикалык иш-чаралардын алкагында Матыева көчөсүндө белгисиз адам өзүнүн жүрүм-туруму менен милиция кызматкерлеринин көңүлүн бурган. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө милиция кызматкерлери маалымат беришкен.Бул факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин МЭЖге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Аталган фактынын негизинде ыкчам-тергөө тобу дароо окуя болгон жерге барышып, ыкчам кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалган жана ал өз ыктыяры менен көк түстөгү скотчко оролгон белгисиз зат менен 1 пакет өткөрүп берген.

Мындан тышкары, ал кийин башка адамдарга сатуу максатында ушул сыяктуу заттарды жайгаштырган дагы 24 жерди көрсөткөн. Бардык жерлерден заттар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, корутундуга ылайык экспертизага берилген заттар жалпы салмагы 0,5937 граммды түзгөн «Альфа-PVR» баңги заты болуп чыкты.

Аталган фактын негизинде Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектелип Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына 2005-жылы туулган А.Т. киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты