Бишкекте азиздер үчүн инклюзивдүү музей аянтын түзүү долбоору башталат

  • 11 месяцев мурун

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук искусство музейи менен бирге азиздердин искусство тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган инновациялык долбоорду ишке ашырууда.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы кабарлады.

Долбоор “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен “Сөз жана сөз эркиндиги” программасынын сынагынын алкагында ишке ашмакчы. Ал 5 айдын ичинде: 2023-жылдын августунан декабрына чейин ишке ашырылат жана Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук искусство музейинде боло турган презентациясы менен аяктайт.

Долбоордун негизги максаты — азиз адамдардын жашоосун көркөм искусство аркылуу байытуу жана тактилдик скульптура аркылуу алардын баарлашуу жөндөмүн өнүктүрүү.

Долбоордун жетекчиси Алмакан Найзабекова мындай деп  белгилейт:

“Бул долбоор азиздерге жана көрүүсү начар адамдарга эстетикалык тарбия берүү жана көркөм тарбиялоо процессине өз салымын кошуп, аларга манжалардын учу менен скульптурага түшүрүлгөн сүрөттөрдүн, көркөм өнөр чыгармаларынын сулуулугун сезүү жана искусствону түшүнүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз».

Дүйнөлүк тажрыйбага таянсак, көптөгөн музейлер мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен ийгиликтүү иш-чараларды алып барышат. Учурда адистештирилген музейлер, галереялар жана көргөзмөлөр азиздер жана көрүүсү начар адамдар үчүн жеткиликтүү болуп жатат. Ошондой тажрыйбалуу музейлерге барган көптөгөн азиз адамдардын  айтымында скульптураны изилдөө бир топ жеңил экени белгиленди, анткени объект жөнүндө толук таасир дароо калыптанат.

«Тактилдик скульптуралар» долбоору Г.Айтиев атындагы КММИнин коллекциясындагы белгилүү скульптураларды тактилдик моделдер түрүндө реконструкциялоону камтыйт. Долбоордун авторлору төмөнкү иштерди тандап алышкан:

1. Кыргызстандагы скульптуралык студиянын негиздөөчүсү Ласло Месарос — анын «Улгайган дыйкан аял» аттуу эмгеги.

2. Тургунбай Садыков, КР Эл сүрөтчүсү – «Ч.Айтматовдун портрети» чыгармасы (жазуучунун 95 жылдыгына карата).

3. Виктор Шестопал, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү – “Бакен Кыдыкееванын портрети” чыгармасы, СССРдин эл сүрөтчүсү (актрисанын 100 жылдыгына карата).

4. Заур Хабибулин “Гапар Айтиев”; (2022-жылы Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы белгиленген).

5. Муратбек Жумалиев, Венеция биенналесинин бир нече жолку катышуучусу – “Үй-бүлө”.

6. Аскар Турумбеков, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты –“Умай”.

Тактилдик скульптураларды түзүү иш аракетин тажрыйбалуу скульпторлор алып барышат: Эмил Турдалиев, Тамила Маматова жана Жакшылык уулу Чынтемир алектенет.

Кошумчалай кетсек, долбоордун алкагында кыска метраждуу тасма тартылып, анда тактилдик скульптураларды түзүү процесси чагылдырылган, анын ичинде коомдун аркандай социалдык катмарларынын өкүлдөрү менен жана биринчи кезекте долбоордун фокус-группалары менен болгон маектер болот. Республикалык көрүүсү начар жана азиздер мектебинин сунушу боюнча тифлопедагог Николай Иванович Мешечко долбоорго Брайль ариби боюнча жардам берет. Бул добоордун катышуучуларына атайын жакшыраак кабыл алуу үчүн уюштуруучулар аудиогидге аудио сүрөттөмөлөрдү киргизүүнү пландаштырууда, анткени бул азиздерге тактилдик скульптуралар менен өз алдынча таанышканда толук таасир жана кабыл алуутереңдигин берет.

Сүрөт : «Сорос-Кыргызстан» фонду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты