Бишкекте аялына зомбулук көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды

  • 5 месяцев мурун

Бишкекте аялына зомбулук көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБине А.Н. аттуу жаран жолдошу Б.А. аттууга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Себеби, жолдошу аны сабап, зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген.

Мындан тышкары жогоруда көрсөтүлгөн шектүүгө РИИБдин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бир нече жолу жолдошуна эскертишкен, коргоо ордерин берип жана райондук сотко жеткирилип административдик чаралар көрүлгөнүндүгүнө карабастан, жубайына карата зомбулук көрсөтүүнү уланткан.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине ылайык (Уруп-сабап кыйноо) кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган Б.А. аттуу шектүү кармалып. Тергөө кызматына жеткирилген жана Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты