Бишкекте аялына кол көтөргөнгө шектелген жаран кармалды

  • 2 недели мурун

Бишкекте аялын кол көтөргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгына Б.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жолдошу К.Т. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. «Себеби 21-апрелде Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунун Кегете-Таш көчөсүндөгү үйүнүн короосунда жүрүп, денесине эч себепсиз залал келтирген.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1996-жылы туулган К.Т. аттуу жаран аныкталып, кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты