Бишкекте автобустардын GPS-трекерлерин өчүргөн айдоочуларга сөгүш жарыяланды

  • 6 месяцев мурун

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы автобустардын GPS-трекерлерин өз алдынча өчүргөн айдоочуларды аныктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошентип, эрежелерди сактабаган 13 айдоочуга сөгүш жарыяланды.

Белгилей кетсек, буга чейин жүргүнчүлөр тарабынан “Менин шаарым” тиркемесинен кээ бир каттамдагы автобустар көрүнбөй жатканы боюнча кайрылуулар түшкөн.

Аталган иш-чара ишкана тарабынан байма- бай өткөрүлүп, GPS-трекерлерди өз алдынча өчүргөн, эрежелерди сактабаган айдоочуларга жумуштан бошотууга чейин катуу чара көрүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты