Бишкекте автобустагы контролёрго кол салган жаранга айып салынды

  • 6 месяцев мурун

Бишкекте автобустагы контролёрго кол салган жаранга айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыйматка ылайык, №226 автобустук каттамдагы текшерүүнүн жыйынтыгында жеке эсептик (пенсионный 9996 0312 1105 6727) картаны мыйзамсыз колдонуу фактылары аныкталган. Картаны конфискациялоо чечими чыккандан кийин жүргүнчү контролёрго кол салууга аракет кылып, иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Укук коргоо органдарынын ыкчам аракеттеринин аркасында мыйзам бузуучу кармалды. Л.К. аттуу жаран Свердлов райондук сотунун чечими менен административдик жоопкерчиликке тартылды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесине ылайык 5500 сом айып салынды.

«Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире үчүн накталай эмес төлөм системасы иштейт. Жол кире кымбатташы менен контролёрлор жол кире акысын төлөбөгөндөрдү аныктоо иштерин баштады.

Картаны башка адамдарга өткөрүп берүүгө жана башка бирөөнүн жеке картасын колдонууга тыюу салынат. Бишкек шаарынын аймагындагы автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерине ылайык, контролёрлор жүргүнчүлөрдөн транспорттук карталарды уруксатсыз пайдаланган учурда алып коюуга укуктуу», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты