Бишкекте атасы өз кызын зордуктаганга шектелип жатат
- 2 года мурун
Бишкекте өз кызын зордуктаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 30-декабрында үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу билдирүү түшкөн. Кыздын апасы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 17 жаштагы кызын өз атасы зордуктаганы боюнча арыз менен милицияга кайрылган. Бул факт боюнча С.Б. аттуу адам Укук бузуулар кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренесинин негизинде кармалып, сот аны Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына жети күнгө камакка алган.
Бул факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгында катталып, баштапкы текшерүү иштери башталды.
.
Муну бөлүшүү




