Бишкекте “Алтын-Казык” аттуу жаңы мал базар ишке кирди

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 6-сентябрда, Бишкектин Маевка аймагына караган тарапта “Алтын-Казык” аттуу жаңы мал базар ачылды.

Ачылышка Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев катышты. Министр өз сөзүндө ачылып жаткан жаңы мал базар Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык иштеп баштаганын, анткени, борбор шаарда буга чейин иштеп келген мал базарлар, мал союучу жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербей келгенин белгиледи.

“Алтын-Казык” базары заманбап талаптарга ылайык курулуп, майда малдардын тазалыгы үчүн атайын пластик такталар алынып келинген. Ошондой эле, ветеринардык пункт, изолятор, намазкана, ашкана , суткасына 200 бодо, 300 майда мал союучу касапкана жайгашкан.

Базардын администрациясынын айтымында, жаңы базардын жалпы аянты 4 гектарды ээлеп, 1520 майда мал, 600 бодо мал үчүн атайын жабык орун даярдалганын, андан тышкары ишенби, жекшенби күндөрү сырттан мал сатууга келген фермерлер үчүн кенен орун бар. Долбоорго жалпысынан 200 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты