Бишкекте «Альфа-ПВП» маңзатын ири өлчөмдө таратып жүргөн жаран кармалды

  • 2 года мурун

Бишкекте «Альфа-ПВП» маңзатын ири өлчөмдө таратып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«30-35 жаштагы жаран Бишкек шаарынын аймагында баңги каражаттарды сатуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалыматты текшерүү үчүн тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында баңгизаттарды таратуу менен алектенген жарандын өздүгүн аныкташкан. Ал 34 жаштагы 1990-жылы туулган Д.М. аттуу жаран болгондугу аныкталган, ал өз ыктыяры менен кара скотчка оролгон баштыкчаларды берип, баңгизаттарды каткан жерлерин көрсөткөн», — деп жазылат маалыматта.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттар психотроптук зат — Альфа-ПВП экени аныкталган.

Аталган факт боюнча 2024-жылдын 24-декабрында Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган Д.М. Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты