Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалды

  • 2 года мурун

Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Жабырлануучунун айтымында, ал 4-ноябрда АКШ визасын алууга жардам берем деген эки жигитке 8200 доллар берген. Бирок аягында бул жалган болуп чыгып, 18-ноябрда арыз ээси милицияга кайрылган.


Жыйынтыгында, Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Т.А., жана 1993-жылы туулган И.Д. аттуу эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты