Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

  • 11 месяцев мурун

Бишкекте алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине Н.О. аттуу жаран, “А” аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. «Ал 2023-жылдын август айында Чүй проспектисинде жайгашкан соода борборлорунун биринде, ишенимге кирип, алдоо жолу менен кайра сатуу шылтоосу менен ар кандай сериядагы 11 даана iPhone маркасындагы уюлдук телефондорун ээлеп алып, жалпы суммасы 964 миң 116 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Андан соң убадасын аткарбай, байланышын токтотту. Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган О.А. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Райондук башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү тарабынан мурда алынган уюлдук телефондорду борбордогу ар кандай күрөөканаларга сатканы аныкталган. Ошондой эле башка ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар болушу мүмкүн», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты