Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

  • 4 месяца мурун

2026-жылдын 2-апрелинде Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаран арыз менен кайрылып, анда Т.К. аттуу адамга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, шектүү 2025-жылдын сентябрында ишенимге кирип, баасы 15 миң АКШ долларын түзгөн Toyota Camry автоунаасын сатып алган. Бирок акчасын толук төлөгөн эмес. 

Жыйынтыгында, жаран Т.К. өзүнө алган төлөм милдеттенмелерин аткарбастан, транспорт каражатын ээлеп алган. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам иштердин жүрүшүндө 1968-жылы туулган Т.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты