Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

  • 8 месяцев мурун

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-октябрда М.Ч. аттуу жаран Бишкек шаарынын Ленин РИИБге чала тааныш «Ф.» аттуу жаранга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ушул эле жылдын 19-сентябрь күнү Арча- Бешик конушунун Э.Шералиева көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде, анын ишеничине кирип ижарага 4 даана тигүүчү машина алган, кийин 124 миң сомго сатып алам деп, бирок ошол эле күнү үчүнчү тарапка 49 миң сомго сатып жиберген, алган акчаны өз кызыкчылыгы үчүн сарптаган. Андан соң белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине( алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1992-жылы туулган А.Ф. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты