Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

  • 9 месяцев мурун

Бишкек ШИИББинин ыкчам кызматкерлери алдамчылык фактысына шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

27-январда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге С.Т. аттуу жаран М.Ш. аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 2022-жылдын июль айында борбор калаадагы базарлардын биринин аймагында ишенимге кирип, алдоо жолу менен сатып алуу шылтоосу менен 522 миң сомду түзгөн «Тойота Аристо» үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алган. Андан кийин кылмышкер байланышты токтотуп, жайгашкан жерин жашыра баштаган.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге С.Т. аттуу жаран М.Ш.га карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 2022-жылдын ноябрь айында Октябрь районунун аймагында ишенимге кирип, сатып алам деген шылтоо менен алдап 33 миң 500 АКШ долларын түзгөн «Тойота Камри 70» үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алган. Андан соң жогоруда аталган унааны үчүнчү жактарга сатып, андан түшкөн каражатты өз муктаждыгына жумшаган. Кылмышкер байланышты токтотуп, жайгашкан жерин жашыра баштады.

Аталган фактылар боюнча райондук башкармалыктардын Тергөө кызматтары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иштери козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1988-жылы туулган М.Ш. Ош облусунда жашырынып жүргөнү аныкталган. Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту шектүүгө карата баш коргоо чарасын 2023-жылдын 21-ноябрына чейин Бишкек шаарынын №1 Тергөө камак жайына камакка алуу чечимин чыгарды.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги такталууда, тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты