Бишкекте акча катып, аны соцтармакта жарыялаган блогер милицияга жеткирилди (видео)

Бишкек шаарында соцтармакта катталуучуларына катылган акча тууралуу жарыялаган блогер милицияга жеткирилип, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармылыгы (ИИБ) билдирип, видеосун жарыялады.

Маалыматка ылайык, соцтармактарда «Ак-Ордо» коңушунда адамдардын топтошкону тартылган видео тараган. Милиция бөлүмүнө бул адамдар акча издеп жатышканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Бул факты боюнча милиция кызматкерлери окуя болгон жерге чыгышкан. Текшерүү учурунда «Тапсан сеники» аттуу аккаунтту колдонгон жаран подписчиктердин санын көбөйтүү максатында оюн уюштуруп, ар кайсы жерлерге акча катып, бул тууралуу маалымат таратканы аныкталган»,- деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 31 жаштагы Ж.Ж. аттуу жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аны менен мындай иш-чараларды мындан ары уюштурбоо боюнча профилактикалык маек жүргүзүлгөну айтылды.

Ленин райондук ИИБи жарандарды ушул сыяктуу күмөндүү оюндарга алданбоого чакырып, мындай иш-аракеттер массалык башаламандыкка жана коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши мүмкүн экендигин эскертти.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты