Бишкекте «Ак илбирсти сактайлы» спорттук жарышына карата айрым көчөлөр жабылат

  • 2 года мурун

Бишкекте «Ак илбирсти сактайлы» спорттук жарышына карата айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

9-октябрда саат 6:00дөн баштап «Ак илбирсти сактайлы» эл аралык  жарышынын  өтүшүнө байланыштуу марафондун катышуучулары чуркай турган көчөлөр тосулат.

Тосуу каттам боюнча электрондук хронометраж системасынын пункттарын, ошондой эле каттамдын боюнда катышуучулар үчүн тамактануу пункттарын коюу зарылчылыгына байланыштуу.

Жабылуучу көчөлөр:

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
— Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектинен Иманалиев көчөсүнө  чейин;
— Иманалиев көч. Абдрахманов көчөсүнө Ч.Айтматова  проспектисине чейин;
— Масалиев көч. Абдрахманов көчөсүнөн  Ч.Айтматов проспектисине чейин;
— Айтматов көчөсү  Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты