Бишкекте «Ак илбирс жарышы»- Snow Leopard Run өттү

  • 7 дней мурун

Кечээ, 29-сентябрда, Бишкек шаарында “Ак илбирс жарышы” эл аралык марафону өттү.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын айтымында, марафон-жарыштын ачылышына Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Nomad Sport коомдук фондунун башкы директору Арслан Малдыбаев катышты.

Спорттук бул иш-чара “Ала-Тоо” аянтынан башталды, ага 4500 адам катышты.
Жарышка катышуучулар 21,1, 14 жана 5 чакырым аралыкка чуркашты.  

Иш-чараны Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен «Nomad Sport» коомдук бирикмеси өткөрдү.  

Бул спорт майрамы беш жылдан бери уюштурулуп келе жатат. Катышуучулардын арасында чет өлкөдөн келгендер да бар.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты