Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтүп жатат
- 2 года мурун
Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Биринчи май районунун аймагында дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтүүдө.
Айыл чарба жарманкеси Түгөлбай-Ата көчөсүндө Эркиндик бульвары менен Тыныстанов көчөсүнүн ортосунда өтөт. «Жарманкенин максаты — ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо. Өз кезегинде шаар тургундары айыл чарба продукцияларын дүң жана чекене баада сатып ала алышат», — деп жазылат маалыматта.
Муну бөлүшүү




