Бишкекте айт намазга тапанча менен келген жаран кармалды

  • 1 год мурун

Бишкекте айт намазга тапанча менен келген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эски аянтта окулган айт намазага кирип бараткандарды текшерип өткөрүү бекеттеринин биринен газ менен атылуучу травматикалык тапанча алып өтүп бараткан жеринен 1990-жылы туулган Э. А. аттуу жаран кармалды.

Анын тапанчаны сактоого гана уруксаты болгон. Азыркы учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.

Фото: Иллюстарциялык сүрөт

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты