Бишкекте айт намаз күнү коомдук тартипти 2 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

  • 4 месяца мурун

Айт намаз күнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн борбор калаанын бардык мечиттерине 2 миң 500дөн ашык милиция кызматкерлери тартылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

10-апрелде жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет:

• Жумабек көчөсү (Абдрахмановдон Сүйүмбаев көчөсүнө чейин),

«Көрүлүп жаткан коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды жана келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Текшерүүнү жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлеринин талабына түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз, көрүлгөн чаралар жарандардын жана борбор калаага келген коноктордун коопсуздугун камсыздоого гана багытталган.

Айт-намаз өтүүчү жерге чоң жана көлөмдүү нерселерди, учтуу, күйүүчү жана жарылуучу материалдарды, ар кандай түрдөгү куралдарды, салют жана фейерверктерди алып кирүүгө тыюу салынат. Тыюу салынган нерселердин баары текшерүү пункттарында конфискацияланат.

Айдоочулар өз маршруттарын алдын ала пландап, унаа агымын үзгүлтүккө учуратпай же чектебей ылайыктуу унаа токтотуучу жайларды тандап алышы керек.

Эскерте кетсек, эгер шектүү буюм таап алсаңыз, ага эч кандай шартта тийбеңиз, милиция кызматкерине же 102 телефону аркылуу кабарлаңыз.

Майрамдык иш-чаралар учурунда балдарды кароосуз калтырбаңыз жана чоңдордун көзөмөлүсүз майрамдык жайларга жөнөтпөңүз», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты