Бишкекте аймактык башкарууну реформалоо маселеси талкууланды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарында “Аймактык башкарууну реформалоонун негизги векторлору” аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттер жана активисттер катышышты. Тегерек столдун катышуучусу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аалы Карашев иш-чаранын негизги максаты тууралуу айтып берди.

«Былтыр Кыргызстанда саясий окуялар көп болду. Башкаруу системасын тандап алдык. Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы редакциясын кабыл алдык. Андан кийин көптөгөн мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Ошонун ичинде Министрлер кабинети жөнүндө мыйзамга, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө мыйзамга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына жаңы долбоорлор сунуш болгон. Жалпы мамлекеттик башкаруу системасы бүгүнкү күндө кандай иш алып кетиш керек деген мыйзамдар болчу. Мыйзамдар октябрь айында кабыл алынып күчүнө кирген. Бүгүнкү күндө алар кандай аткарылып жатат? Кандай көйгөйлүү маселелер бар? Ошондуктан бүгүн бул жерде мамлекеттик органдын, бей өкмөттүн өкүлдөрү, эксперттер, жаш активисттер келип катышып жатышат», — деди Карашев. 

Тегерек столдо жергиликтүү башкаруу системасы тууралуу сунуштар айтылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты