Бишкекте айдоочулар жарык берүүчү мамыларды кулаткан учурлар көбөйүүдө

  • 2 года мурун

Бишкекте айдоочулар жарык берүүчү мамыларды кулаткан учурлар көбөйүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 31-декабрынан 2023-жылдын 8-январына чейин «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан 3 даана сырткы жарык берүүчү мамы демонтаждалды.

«Аларды Курманжан датка көчөсүндө жана Ахунбаев-Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочулар сүзүп кетишкен. Акыркы убакта айдоочулар жол эрежесин бузуп, сырткы жарыктандыруучу мамыларды кулаткан учурлар көбөйүүдө. Ишкана мамыларды жана электр чубалгыларын өз күчү менен калыбына келтирет», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты