Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 1-июндан 8-июнга чейин Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде унаа жолунун алдынан өтүүчү түтүктөр жана түтүк көпүрөлөрүн орнотуу иштери аткарылат.
Ага кошумча асфаль-бетон аралашмасын төшөөгө чейинки даярдык иштерин баштоо пландаштырылууда.
Белгилей кетсек, Байтик Баатыр көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми Иса Ахунбаев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.
Муну бөлүшүү