Бишкекте Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуар кеңейтилүүдө

  • 1 год мурун

Бишкекте Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуар кеңейтилүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эски аялдама комплекси демонтаждалып, жол бордюрлары орнотулуп, жолдун өтүүчү бөлүгү даярдалып асфальт төшөлдү.

Жакынкы арада кеңейтилген тротуарга демөөрчүлөрдүн эсебинен жаңы заманбап аялдама комплекси орнотулат.

Ошондой эле, тротуарды кеңейтүү, бордюрларды орнотуу, пландоо жана асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн аймакта эс алуу жайы пайда болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты