Бишкекте 740 жаңы дарак отургузулду
- 2 месяца мурун
Бишкекте массалык көчөт отургузуу иш-чарасынын алкагында 740 жаңы дарак отургузулду. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев жана шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Усеналиев катышты. «Адинай» паркында 200, ал эми Фучик атындагы паркта дагы 200гө жакын дарак отургузулду.
Мындан тышкары, башка райондордо да иштер жүрүп, бир күндө жалпы 740 көчөт тигилди. Жалпы жазгы кампания башталгандан бери Бишкекте 7 600дөн ашык дарак отургузулду.
Бишкек шаарынын мэриясы 2026-жылы 20 миңден ашык жашыл көчөт отургузууну пландап жатат.
Муну бөлүшүү




