Бишкекте 6 курулуш компанияга айып пул салынды

  • 4 месяца мурун

Бишкекте 6 курулуш компанияга айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Муниципалдык текшерүүнүн жүрүшүндө 6 курулуш компаниясы тарабынан мыйзам бузуулар аныкталып, аларга карата протоколдор түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде айып салынган.

Жоопкерчиликке тартылган курулуш компанияларынын тизмеси:

Кулатов көчөсү 14 дарегинде жайгашкан «Элит Хаус» ЖЧКсы ишканасы көрктөндүрүү эрежелерин бузуп, жер кыртышына зыян келтирген. Субъектке КРнын Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 2- бөлүгү менен протокол түзүлүп, 17 000 сом айып салынган.

«Эласс-Курулуш» ЖЧКсына курулуш таштандыларын уруксат берилбеген жерлерге ташыгандыгы үчүн айып салынды. Аталган факты боюнча инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык протокол түзүлдү. Айып пулдун көлөмү 23 миң сомду түзгөн.

Ушундай эле мыйзам бузууга И.Ахунбаев жана Б.Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Аренд Строй Сервис» ЖЧКсы да жол берген. Турмуш-тиричилик таштандыларын ыргыткандыктары үчүн КР Укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 17 000 сом айып салынган.

Жолдорду булгап, жер кыртышын бузуп жаткан «Централ Азия Инвест Курулуш» ЖЧКсы жоопкерчиликке тартылды. Инспекторлор тарабынан КРнын Укук бузуулар кодексинин 117-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, айыптын суммасы 23 000 сомду түзөт.

Сокулук көчөсүндө жайгашкан «Делмар Групп» ЖЧКсына Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114 жана 115-беренелери боюнча эки протокол түзүлдү. 30 миң сом айып пул салынды.

Жол жээгиндеги бардюрларды талкалап жана бак- даракты кыйып, зыянга учураткандыгы үчүн Медеров 48/4 дарегиндеги “Макро Констракшн» ЖЧКсы курулуш компаниясына эки берене менен, 177- беренин 1- бөлүгү жана 179- берене 2-бөлүгү менен 40 миң сом айып салынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты