Бишкекте 53 миң жол кире накталай эмес которуу жолу менен төлөндү

  • 11 месяцев мурун

Бишкекте 53 миң жол кире накталай эмес которуу жолу менен төлөндү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-августтан тарта муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда накталай төлөм толугу менен алынып салынды.

Ошентип, бир күндө бардык категориялар боюнча 53 миң жол кире накталай эмес жол менен төлөндү.

Алардын арасында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү бар:

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

— виртуалдык NFC картасы;- Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay жана башка тиркемелер аркылуу QR сканерлөө;

— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

11 сом стандарттык тариф менен (жеңилдик алгандарды эсептебегенде) троллейбуста 17 миң 644 жана автобуста 19 миң 881 жол кире төлөндү. Муниципалдык транспорттун, автобустардын жана троллейбустардын айдоочулары накталай акча менен төлөөнү талап кылууга укугу жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты