Бишкекте №5 троллейбустук каттамы убактылуу токтотулат

  • 2 недели мурун

Бишкекте №5 троллейбустук каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, техникалык иштерге байланыштуу №5-троллейбус каттамы убактылуу токтотулат.

Чүй проспектисинин Чыгыш-5 багытындагы жеринде жер астындагы суу түтүктөрүнүн авариялык абалда болгонуна байланыштуу, тез арада оңдоо иштерин жүргүзүү талап кылынат.

Буга байланыштуу борбор калаада №9, №226, №212, №51, №52 жана №42 каттамдарга кошумча автобустар чыгарылат.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 27-апрелинен тарта троллейбустар линияга чыгып, штаттык режимде иштей баштайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты