Бишкекте 45 млн сомдук баңгизат менен чет өлкөлүк жаран кармалды

  • 2 года мурун

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө “метамфетамин” баңгизат каражатын сатып жаткан жеринен ирандык жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМден билдиришкендей, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери Иранда өндүрүлгөн баңгизат каражаттары туруктуу алып келинген каналды табууга жа бөгөт коюуга багытталган атайын операция өткөрүшкөн.

Ушул жылдын 8-августтунда Бишкек шаарында өткөрүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында 10 кг «метамфетамин» баңгизаты табылган. Бул факт боюнча Ирандын Ф.К.Д аттуу жараны кармалган. Алынган маңзаттын жалпы баасы 45 млн сом деп бааланууда.

Аталган баңги топтун баңгизат каражаттарды жеткирүү маршруту Ирандан Афганистанга, андан ары Тажикстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилип турган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты