Бишкекте №42 автобустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт
- 7 месяцев мурун
Бишкекте №42 автобустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарында Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүндө жолдорду капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу 15-июндан тарта №42 автобустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөрөт.
«Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаардык мэриясы жүргүнчүлөрдү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат», — деп жазылат маалыматта.
Муну бөлүшүү