Бишкекте 33 жаштагы келинди өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды
- 7 месяцев мурун
Бишкекте 33 жаштагы келинди өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-апрелде Бишкек ШИИББнын “102” кызматына “Кут” жаңы конушунда жайгашкан жеке үйлөрдүн биринде, 1990-жылы туулган А.Р. аттуу жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Бул боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге дароо жөнөп, жеринде окуя тастыкталган.
Аталган факт райондук башкармалыктын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 7-пунктунун 2-бөлүгүнө (Адам өлтүрүү, өзгөчө мыкаачылык менен) ылайык кылмыш иши козголуп, 1991-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалды.
Кылмыш ишинин алкагында бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.