Бишкекте 30-декабрдан тартып унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

  • 7 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жаңы жылды майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө буйругуна ылайык, 2023-жылдын 30-декабрынан 2024-жылдын 1-январына чейин (кошкондо) айрым жерлерде жол кыймылы, ошондой эле унаа токтотуу эрежелери чектелет.

Чүй проспектиси (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 30-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07:00гө чейин жабылат.

Киев көчөсү (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 31-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07:00гө чейин жеке транспорт үчүн жабылат. Кирүү коомдук транспорт үчүн гана болот.

2023-жылдын 30-декабрында саат 14.00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07.00гө чейинки аралыкта Панфилов көчөсү (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тараптуу жол кыймылы үчүн жеткиликтүү болот.

2023-жылдын 30-декабрында саат 14.00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07.00гө чейин Эркиндик бульвары (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тарапка унаа токтотууга тыюу салынат.

Ошондой эле, 2024-жаңы жылды майрамдоо учурунда шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болушу үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар белгиленген:
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын түндүк жана батыш тарабы.
— Раззаков, Орозбеков, Панфилов көчөлөрү башка айдоочуларга тоскоолдук жаратпастан, Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Жаңы жылдык иш-чаралардан кийин  2024-жылдын 1-январынан тарта саат 00:30дан баштап борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн автобус каттамдары Ала-Тоо аянтынан төмөнкү каттамдар боюнча каттайт:
2024-жылдын 1-январы саат 00:30дан баштап:
— «Ала-Тоо» аянты – «Рухий Мурас» конушу;
— «Ала-Тоо» аянты – «Көк-Жар» конушу;
— “Ала-Тоо” аянты – 12 кичи район;
— “Ала-Тоо” аянты – Чоң-Арык;
— «Ала-Тоо» аянты – «Совмин» шаарчасы;
— «Ала-Тоо» аянты – «Арча Бешик» конушу;
— “Ала-Тоо” аянты – “Ак-Ордо” конушу;
— “Ала-Тоо” аянты –   “Ала-Тоо” конушу;
— “Ала-Тоо” аянты – “Ак-босого” конушу;
— «Ала-Тоо» аянты – «Бакай-Ата» конушу;
— «Ала-Тоо» аянты – «Энесай» конушу;
— “Ала-Тоо” аянты – Аламүдүн-1 кичи району.
2024-жылдын 1-январы саат 01:30дан баштап:
— «Ала-Тоо» аянты – «Рухий Мурас» конушу;
— «Ала-Тоо» аянты – «Көк-Жар» конушу;
— “Ала-Тоо” аянты – 12 кичи район;
— “Ала-Тоо” аянты – Чоң-Арык;
— «Ала-Тоо» аянты – «Совмин» шаарчасы;
— «Ала-Тоо» аянты – «Арча Бешик» конушу;
— “Ала-Тоо” аянты – “Ак-Ордо” конушу;
— “Ала-Тоо” аянты –  “Ала-Тоо” конушу;
— “Ала-Тоо” аянты – “Ак-босого” конушу;
— «Ала-Тоо» аянты – «Бакай-Ата» конушу;
— «Ала-Тоо» аянты – «Энесай» конушу;
— “Ала-Тоо” аянты – Аламүдүн-1 кичи району.

Кошумчалай кетсек, учурдагы троллейбустук каттамдар 2024-жылдын 1-январында саат 00:30дан 01:30га чейин Киев көчөсү менен жүрөт.

Кошумча суроолор боюнча ишеним телефону: +996 505 192 619.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты