Бишкекте 27 жаштагы келин үй-бүлөлүк жаңжалдан улам ооруканада каза болду

  • 2 года мурун

Бишкекте аялы менен күйөөсү бычакташа кетип, 27 жаштагы аялы ооруканада каза тапты. Бул тууралуу 24.kg Ленин райондук ички иштер башкармалыгына (ИИБ) шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-ноябрда саат эртең мененки 7:40та ооруканадан Ленин райондук милиция бөлүмүнө бычактан көптөгөн жаракат алган аял ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал аял ооруканада алган жаракатынан улам эсине келе албай каза болгон.

«Күч органдары ооруканага барышкан. Алар таң алдында Шералиев көчөсүндөгү менчик үйлөрдүн биринде жубайлардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, анын аягы бычак менен аяктаганын аныкташкан. Натыйжада 27 жаштагы Н.А. жана анын 34 жаштагы күйөөсү туугандары тарабынан ооруканага жеткирилген»,- деп айтылат маалыматта.

Учурда каза болгон келиндин күйөөсү А.Р. реанимацияда жатканын, ага кайтаруучу коюлганын милициядан билдиришкен.

Сүрөт: иллюстрация, интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты