Бишкекте 26 баш аламан соода  пунктары жоюлду

  • 2 года мурун

Бишкекте 26 баш аламан соода  пунктары жоюлду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Октябрь администрациясы жана райондук кызматтар менен биргеликте райондун аймагындагы мыйзамсыз көчө соодасын жоюу максатында жума сайын рейддерди өткөрүп келет.

Бишкек шаарынын вице-мэри Орунтаев Нурдандын протоколдук тапшырмасы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасы, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы, Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Ынтымак-2» сейил багында мыйзамсыз баш аламан соода сатыкка текшерүү жүргүздү.

Баш аламан соода шаардын электр тармактарына мыйзамсыз кошулуу менен коштолуп, борбордун бюджетине жана энергетика тармагына белгилүү бир жоготууларды алып келүүдө. Рейддин жыйынтыгында 26 баш аламан соода  пунктары жок кылынды. Бардык көчөдө соода кылгандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты