Бишкекте 22-майдан тарта ысык суу бир айга өчүрүлөт

  • 1 год мурун

Бишкекте 22-майдан 22-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта ысык суу жыл сайын өткөрүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу жана жылуулук түйүндөрүн жылуулук мезгилине карата даярдоо максатында өчүрүлүп жатканы айтылат.

Мэрия шаар тургандарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурап, ысык суунун өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты