Бишкекте 20-августтан тарта коомдук транспорттордо жол киреге накталай акча кабыл алынбайт

  • 12 месяцев мурун

Бишкекте 20-августтан тарта коомдук транспорттордо жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан бери Швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда.

Атайын акция боюнча жүргүнчүлөр стандарттык транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот.

Жүргүнчүлөр үчүн биз накталай эмес төлөм ыкмаларынын кеңири жолдорун сунуштайбыз. Сиз төмөнкү жолдор менен төлөй аласыз:

— үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

— Виртуалдуу NFC картасы;

— Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;

— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты