Бишкекте 2-апрелде «Велосезон-2023» ачылышы болот
- 1 год мурун
Бишкекте 2-апрелде «Велосезон-2023» ачылышы болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ачылыш Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата уюштурулуп, “Ала-Тоо” аянты – Д. Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багы маршруту боюнча өтөт.
Катышуучулар “Ала-Тоо” аянтынан саат 9:00дө башталып, Д.Асанов атындагы сейил багында саат 10:30да жыйынтыкталат.
Веложарыштын жыйынтыгы менен байгелүү түрдүү сынактар өткөрүлөт.
Муну бөлүшүү