Бишкекте 18 откананын оңдоо иштери жыйынтыкталды. Жылытуу мезгилине карата даярдыктар

  • 2 года мурун

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы 2022-2023-жылдарга жылытуу мезгилине карата даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бардык оңдоо иштер план боюнча жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 18 откананын оңдоо иштери жыйынтыкталды. Сентябрь айынын аягына чейин 66 откана толук оңдолуп бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, бардык даярдоо иш-чаралар директор Жамалбек Ырсалиевдин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 626 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 41 мекепти, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайын, 26 башка бюджеттик мекемени жана 207 башка керектөөчүлөрдү камтыйт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты