Бишкекте 17-мартта «Эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн» аталышындагы митинг өтөт
- 3 года мурун
Бишкекте 17-мартта «Эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн» аталышындагы митинг өтөт. Бул тууралуу жарандык активист Рита Карасартованын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, тынчтык митинг 17-март саат 19:00дө М.Горький паркында өтөрү күтүлүүдө. Анда «Мыйзамсыз камоолорго каршы», «Сөз эркиндиги үчүн», «Көз карандысыз сот үчүн», «Адилеттүү бийлик үчүн», «Тынч чогулуштарга тыюу салууга каршы» талаптар айтылат.

Муну бөлүшүү




