Бишкекте 16 жаштагы кыз дайынсыз болууда
- 7 месяцев мурун
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына 2025-жылдын 28-декабрында Т.З. аттуу жаран кайрылып, 2009-жылы туулган жашы жете элек, кызы — Мирланова Адинай Мирлановнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган.
Анын айтымында, Адинай 28-декабрь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек шаарындагы Ажыбек Баатыр көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон, азыркыга чейин дайынсыз болууда. Бул факт Ленин РИИБде каттоого алынган.
Ленин РИИБи бардык жарандарды издөө иштерине көмөк көрсөтүүгө чакырат. Адинай Мирланованын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу дароо кабарлоону суранат:
📞 0312 35-29-47
📱 0700 56-71-53
📱 0705 307 703
📱 0224 214 346
Муну бөлүшүү




