Бишкекте 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

  • 1 год мурун

Бишкекте 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

8-майда саат 9:00дө милицияга Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 15 жаштагы М.А. эч кандай жаракат табылган жок. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты