Бишкекте №145 автобустун, №192 кичи маршруттук таксинин кыймыл чиймеси өзгөрдү

  • 5 месяцев мурун

Бишкекте №145 автобустун жана №192 кичи маршруттук таксинин кыймыл чиймеси өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, мындай чечим шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды.

Мындан ары, №145 автобус Ахунбаев көчөсү аркылуу Молдокулов көчөсүнө бурулуп, Куланак көчөсүнө чейин барат. Ал эми №192 кичи маршруттук таксинин кыймылы Ибраимов көчөсүнөн (шаарды айланып өткөн чоң жол)“Бишкек автобекетине” чейин узарды.

Мындай өзгөрүү шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында орун алды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты