Бишкекте 14-троллейбус жол кырсыгына кабылып, 4 адам жабыркады

  • 3 месяца мурун

7-майда болжол менен саат 9:45 чамасында Дэн Сяопин проспектиси менен Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ыкчам маалымат боюнча айдоочу К.Өмүралиев ден соолугунун кескин начарлашынан улам жолдон чыгып, жол кырсыгына кабылган.

Айдоочудан тышкары, жүргүнчүлөрдөн 3 адам жабыркаган. Алар дарыгерлердин кароосунан өтүп, амбулатордук дарыланууда.

Троллейбус линиясынын таяныч мамысынын бузулушуна байланыштуу 14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү.

Белгилей кетсек, кыймыл «Жал» кичи районунан Фрунзе заводуна чейин жүргүзүлөт. Иш аяктагандан кийин маршрут улантылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты