Бишкекте 13 жаштагы кыз сиңдисинин өлүмүнө шектүү катары кармалды

  • 4 недели мурун

2025-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь районунда жаш баланын өлүмү катталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Маалыматка ылайык, саат 04:57 чамасында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө жаш өспүрүм кыз оор жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары маркумдун бир тууган эжеси — 2011-жылы туулган Э.И. аныкталган. Ал мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда тергөө кызматына жеткирилди.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын жагдайларын тактоо багытында тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты