Бишкекте №107 маршрут каттамга чыгып баштады
- 8 месяцев мурун
Бишкекте №107 маршрут каттамга чыгып баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
16-ноябрдан тарта Бишкектеги №107-маршрутту «БЖАИ» муниципалдык ишканасы тейлейт.
Мындай чечим шаардын транспорт тармагын оптималдаштыруунун жана тургундардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынып, эми №107 кичи автобустун ордуна «БЖАИ» муниципалдык ишканасы тейлеген ушул эле номердеги автобустар жүрө баштайт. Маршрут «Арча-Бешик» конушунан «Ак-Босого» конушуна чейин созулат, ошону менен шаардын түштүк жана түндүк тарабын да камтып, узундугу 38 км, автобустардын аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.
Муну бөлүшүү