Бишкекте 1-ноябрдан тартып автобус жана троллейбустарда накталай төлөм 25 сом болот

  • 9 месяцев мурун

1-ноябрдан тартып муниципалдык транспорттордо накталай төлөмгө уруксат берилет. Накталай төлөмдүн баасы 25 сом болорун 24.kg басылмасы вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкуловго шилтеме берип жазды.

Сазыкулов белгилегендей, жол акысын накталай төлөгөн жүргүнчүлөргө бир жолу колдонулуучу билет берилет.

«Бул жол акысын накталай төлөгүсү келген шаардыктар үчүн бир жолу колдонулуучу талон. Алар үчүн жол акысы 25 сом болот. Бул жарандарды жол кире 11 сом турган накталай эмес системага өтүүгө үндөгөн алдын алуу иш-чарасы», — деген Максатбек Сазыкулов.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңеши муниципалдык жана менчик транспорттордо жол кирени 20 сомго көтөрүү сунушталган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Азыркы тапта Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбустун жол киреси «Тулпар» картасы менен 11 сомдон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты