Бишкекте 1-класстын окуучулары кошумча каникулга чыгат
- 6 месяцев мурун
Бишкекте 1-класстын окуучулары кошумча каникулга чыгат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-класстын окуучулары 12-февралдан 17-февралга чейин каникулга чыгат, окуу процесси 19-февралда башталат.
Биринчи класстын окуучулары үчүн кошумча каникулдар Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 16-августундагы №4882/1 буйругунун негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан белгиленген.
Муну бөлүшүү