“Бишкекке жакын айылда уран кенин казганы жатышат”. Текшеребиз
- 4 недели мурун
- Фактчекинг
“Фейсбук” колдонуучусу Asel Abdykaly “Бишкектен 50 чакырым алыстыктагы Камышановка айылында британиялык компания уран казып алганы жатат деген маалымат канчалык ишенимдүү?” — деп суроо салган.
Аталган маалыматты, буга чейин журналист Болот Темиров өзүнүн “Фейсбук” баракчасында дагы жазган эле. Анда, “Жалпысынан Бишкектен 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Камышановка айылында УРАН казылып жаткандыгы тууралуу кабар Лондон фондулук биржасынын сайтында жана компаниянын расмий Twitter аккаунтунда жарыяланган. MetalNRG plc компаниясынын башкы директору уранды иштетүүгө коюлган тыюунун алынышы абдан жакшы жаңылык деп комментарий берген”, — деп жазылат.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтарды текшерип көрдү.
Чынында эле, Лондон фондулук биржасынын сайтында, бул жаңылык 17-июнда жайгаштырылган.
“MetalNRG plc (LON:MNRG) жаратылыш ресурстары жана энергетикалык инвестициялык компания Кыргызстандын парламенти Кыргыз Республикасында уранды жана торийди издөөгө, чалгындоого жана казууга тыюу салууну алып салган мыйзам долбоорун жактырганын кубануу менен билдирет. MetalNRG компаниясы Камышановка уран кенине олуттуу кызыкдар. Долбоор учурда International Mining Company Invest Inc компаниясына таандык. MetalNRG IMCдеги 9,9% үлүшкө ээ, ал пайыздарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. MetalNRGдин Mining Company Invest Inc компаниясындагы үлүшүнүн наркы 2022-жылы толугу менен начарлап кеткен. Кыргыз Республикасында уранды казууга тыюу салынганына байланыштуу нөлдүк баалоо өз убагында каралат”, — деп айтылат маалыматта.
Эң кызыгы, бул билдирүүдө Кыргыз Республикасы International Mining Company Invest аттуу компанияга 2019-жылы уран казууга лицензия бергендиги жазылган.
“Кыргызстандын резервдер боюнча мамлекеттик комитети буга чейин, 2019-жылдын январь айында 3371,1 тонна уран запасын (8,731 миллион фунт уран 308) казып алууга лицензия алуу өтүнүчүн канааттандырган”.
Ошондой эле, MetalNRG компаниясынын башкы директору Рольф Герритсен, Кыргызстандын уранды иштетүүгө тыюунун алынышы абдан жакшы жаңылык экендигин баса белгилеген.
“Кыргыз Республикасында уранды иштетүүгө тыюунун алынышы абдан жакшы жаңылык. Долбоорду коммерциялык жактан жарамдуу өндүрүш активине айлантууну кааласак, көп иш жасалышы керек экенин түшүнүү менен, биз долбоордун акционерлери үчүн максималдуу баага кантип жетише аларыбызды кылдаттык менен карап чыгабыз”, — деп билдирген Рольф Герритсен.
International Mining Company Invest компания тууралуу эмнелер белгилүү?
Bloomberg сайтынын маалыматы таянсак, International Mining Company Invest компаниясы АКШда катталган жана металл казып алуу боюнча кызматтарды көрсөтөт. Компанияны Сергей Хохлов аттуу адам жетектейт. Аталган компаниянын 9,9% акциясына Улуу Британиялык MetalNRG компаниясы ээлик кылат.
Ошондой эле, бул компаниянын Кыргызстанда дагы филиалы бар. Ал “Международная Горнорудная Компания-Инвест» Жабык акционердик коому. Жетекчиси катары Долгов Анатолий Евгеньевич аттуу жаран көрсөтүлгөн.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан “Международная Горнорудная Компания-Инвест» Жабык акционердик коомуна “Северо-камышановская” аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия берилген. Ачык бюджет порталынын маалыматы боюнча, бул компания жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн 2018-жылга чейин акы төлөп келген.
Кыргызстанда уранды казганга уруксат берилгенби?
Эске салсак, 2019-жылы Ысык-Көл облусунда Таш-Булак кенинин айланасында нааразычылыктар жаралган. Анда жергиликтүү тургундар жана активисттер уранды иштетүүгө каршы чыгышкан. Жыйынтыгында, Жогорку Кеңеш атайын мыйзам кабыл алып, уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүүгө тыюу салган. Дал ушул мыйзамдын негизинде, уран кендеринде чалгындоо иштерин жүргүзүп келген компаниялардын лицензиялары жокко чыгарылган. Бирок, 2024-жылы өлкө башчысы Садыр Жапаров бул мыйзамды жокко чыгарган, тагыраагы «Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу мыйзамга кол койгон.
“Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө үчүн стратегиялык маанилүү ресурстарды пайдалануунун жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү максатында Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу жокко чыгарылууда” , — деп айтылат маалыматта.
Арбитраждык өндүрүш
2019-жылы лицензиясынан ажыраган International Mining Company Invest компаниясы, Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборуна кайрылган. Учурда арбитраждык териштирүү процесси жүрүп жатат. Алар Кыргызстандан 63 млн АКШ долларын өндүрүүнү көздөп жатышканы белгилүү. Юстиция министри Аяз Баетовдун айтымында, кийинки угуулар ушул жылдын ноябрь айларында болот.
“International Mining Company Invest компаниясы менен Кыргызстандын ортосунда, 2019-жылы уран иштетүүгө мораторий жарыяланганына байланыштуу арбитраждык өндүрүш иши жүрүп жатат. Эки жактын тең өзүнүн аргументтери бар”, — дейт Аяз Баетов.
Жыйынтык: Камышановка айылында уран казылышы азырынча белгисиз. Анткени лицензия алган компания менен Кыргызстандын ортосунда арбитраждык териштирүү иштери жүрүп жатат. Кошумчалай кетсек, 2024-жылдан тарта Кыргызстанда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө уруксат берилген мыйзамга кол коюлган.
Башкы иллюстрациялык сүрөт интернет булактарынан алынды